Келечекке пландарым көп

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАРЫМ КӨП

-Саламатсыңбы, Турат? Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?

-Саламатсызбы. Мен, Кароолбеков Турат. 2001-жылы 18-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда туулганмын.

-Кайсыл мектепте окугансың?

— Жумгалда Айып Идинов атындагы орто мектепте окугам. 9-класска чейин ошол орто мектепте окудум. Андан кийин, 9-класстын базасы менен Инновациялык технологиялар жана экономика колледжине тапшырдым.

-Инновациялык технологиялар жана экономика колледжин эмнеден улам тандадың жана эмнеси менен сени өзүнө тарта алды?

Өзүм ушул окуу жайга кызыгып келгем. Айрыкча, өзүм кызыккан  тармакка келгениме кубанам. Азыркы учурда ЭТС-5-19 группасында Автомобилдерди техникалык жактан тейлоо жана ондоо бөлүмүндө окуп жатам. Кичине кезимден бери техникага кызыгып келем. Мектепти бутургөндөн кийин кызыгуум куч алып, бул окуу жайга тапшырдым.  Азыр техниканы, тетиктерди, ошол эле учурда жол эрежелерин уйрөнүп жатам.

-Хоббилерин жөнүндө айта кетсең.

-Менин хоббим сейилдөө. Сейилдегенди жакшы көрөм.

Колледж сага эмнеси менен жагат?

-Мага өзгөчө мугалимдери жагат. Тажрыйбалуу мугалимдер. Сабактарды  практика жүзүндө көрсөткөнү аябай кызыктуу.

— Мектептеги Турат кандай эле? Азыр кандай?

— Активдүү эле болчумун. Мектепте маданият министири болчумун. Ар кандай кечелерди, конкурстарды, мектептер аралык конкурстарды уюштурчумун. Азыр дагы колледжде кечелер болсо жардамдашып, уюштурабыз. Өзүм өнөр жагына өтө жокмун. Бирок колумдан келгенин жасап, жардам берем.

 -Азыркы мезгил оор мезгилдерден болуп жатат. Пандемия учурун эске алуу менен онлайн окуу башталды. Онлайн окуунун кандай терс жактарын жана оң жактарын байкай алдың?

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул оору баарыбызды коркутту. Ошентсе да, билим артта калган жок. Технологиянын жардамы менен уйдө отуруп ZOOM программасы аркылуу дистанттык турдө окуп жатабыз. Пайдалуу жагы убакыт сарптаганыңда. Барып келген, жолдо жургөн убакытты уйдөгү жумуштарга коротосуң. Терс жагы болсо, сабактын жандуу болбогону. Эмне болсо да жандуу көргөнүн жакшы эмеспи. Практика жүзүндө өз көзүң менен көрүп,колуң менен кармап, кылып көргөнгө эмне жетсин?!  Аралыксыз окууну сагындым десем болот.

-Окууда кыйынчылыктар болдубу?

Жок, ар бир тапшырманы өз учурунда аткарсаң эч кыйынчылыгы болбойт.

-КИТЭде сенин кесибиңе  байланыштуу эмнелер өтүлөт жана болуп турат?

-Конференцияларды айта алам. Конференцияда мугалимдер окуучулары менен кызыктуу тема тандап доклад окушат. Доклад  студенттерге жана калыстарга сунулат. Темалар абдан кызыктуу жана пайдалуу. Көп нерсени үйрөнсө болот.

— Келечегиңди ушул кесип менен көрө аласыңбы?

-Албетте көрө алам. Келечекке болгон пландарым көп. Азыркы учурда көп нерселерди окуп үйрөнүүдөмүн. Өзүм авто сервис ачып, иштетсем деген ой кыялдарым бар. Азыр технология техниканын заманы эмеспи. Андыктан жумуш издөө кыйыгчылык болбосо керек деп ойлойм.

-Колледж жөнүндө кийинки муунга эмне деп айтаар элең?

Кесип тандоодо эң жакшы окуу жай деп айтар элем. Жаштарга үндөп кетем. Келгиле окугула. Өз кесибиңерди тапкыла!

Автор: Мукамедий уулу Н.