Убакыттан уткула жана кесибиңерди туура тандагыла!

Убакыттан уткула жана кесибиңерди туура тандагыла!

Саламатсыңбы Бекзат! Кандайсың? Өзүң жөнүндө кененирээк айта кетсең?

— Саламатсызбы, жакшы буюрса. Мен Кадыркулов Бекзат Халмурзаевич Баткен областына караштуу Лейлек районунун Көк-Таш айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын. Бир эжем, эки байкем бар. Мен үйдүн эң кичүүсүмүн.

Жакшы экен. Сага “А” деген тамганы таанытып, алгачкы билимди берген кайсы мектеп болду экен?

— Мен “а” деген тамганы алгач Лейлек районундагы Сүлүктү айылында №8 мектепте тааныдым. Ал жакта 1-класска чейин эле окудум. Андан кийин Бишкек шаарына келип, №1 гимназия-интернатында уланттым. 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы “Инновациялык технологиялар жана экономика колледжине”(КИТЭ) тапшырдым.

Эмне үчүн бул окуу жайды тандадың? Мурун бул окуу жай тууралуу маалыматың бар беле? 

— Мен бул окуу жайды тааныштарымдан уккан элем. Алар мага сунуш кылышты. Кененирээк маалымат беришти. Өзүм да келип, таанышып, документтеримди тапшырып, окуп калдым.

Кайсы кесипти тандадың жана кайсы группада окуйсуң?

— “Салык жана салык салуу” кесибин тандадым. Азыркы учурда Н-1-18 группасында 3-курста окуп жатам.

Эмне үчүн бул кесипти тандадың?

— Мен кичине кезимден бери бул кесипке кызыгып келем. “Салык салуу” (налог) деген сөзду укканда, жаш өспүрүмдөрдүн эсине чоң балдардын кичине балдарга кысым көрсөтүп, акча талап кылганы келсе керек(күлүп). Мен да ошентип ойлочумун. Кийин эс тартканда бул ойдун жанылыштыгын түшүнүп, мен сүйгөн кесип экендигин аңдадым. Мага көбүрөөк башкаруу жагат. Ошондуктан бул кесипти тандадым.

Окуу жай сага  жагабы? Эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

— Колледж мага аябай жагат. Себеби, бул жерде билими күчтүү профессор, доцент окутуучулардан сабак алам. Мугалимдердин окуучуларга болгон мамилеси жакшы. Бизге “сүйүктүү студенттер” деп кайрылышат. Абдан жагымдуу угулат. Бул учурда өзүңдү студент экениңди туясың. Ошол эле учурда жылуу кабыл алынганыңды, мээримди сезесиң. А өзгөчөлүгү- убакыттан уткандыгың. Бир жылда 10-11-классты окуп бүтүрүп, 1 жыл он айда бир кесиптин ээси болуп чыккандыгында.

Быйыл бүтүрүүчү экенсиң. Ушуга чейин окуу жайдагы кандай эсте калаарлык күндɵрдү эстей аласың?

-Биздин колледжде жылда майрамдарды уюштурабыз. Мисалы, “Нооруз” майрамында сүмөлөк кайнатып, жаңы жыл, жаңы күндү майрамдайбыз. Группалаштарыбыз менен чогулуп эс алууга чыгабыз. Таймаштарда бири-бирибизди колдоп жеңиштерге ээ болобуз. Кээде тентектик кылып сабакка катышпай коебуз(күлүп). Булардын баардыгы менин эсте калаарлык, студенттик күндөрүм болсо керек.

Колледжде жетишкендигим деп эмнелерди айта аласың?

— Мен колледжде студенттер кеңешинин президентимин. Бул убакка чейин мектепте да президент болуп иштеп жургөнмүн. Ошондуктан мага студенттик кеңешти башкаруу жеңил болду. Студенттер менен иштөө мага абдан жагат. Активдүү катышкан студенттер менен байланышып, ынтымакташып, маселелерди чогуу чечебиз. Бул менин жетишкендигим деп билем.

Эмнелерге көбүрөөк кызыгасың? Хоббилериң кандай?

— Мен көбүнчө азыркы замандын талабына ылайык, заманбап технологияларга кызыгам. Бош учурларда бокс менен машыгам. Спорт менин хоббим десем болот.

МУИТ, КОМТЕХНО, КИТЭ уюштурган бардык кечелерге, таймаштарга катышасыңбы?

— Жок. Мен баарына катыша албайм. Себеби убактым жетишпей калат. Бирок, ошол таймаш, кечелердин баары убагында өтөт. Катышпасам дагы студенттерди колдоп, жандарында жүрɵм. Катышкан  активдүү студенттерди колдоо, колледждин атын чыгаруу, биздин милдет деп билем.

Инновациялык технологиялар жана экономика колледжине тапшырууда кыйынчылыктар болдубу?

— Жок. Эч кандай кыйынчылык болгон жок. Мен учун экзамендери деле оңой болду.

Өзүңдүн чет өлкөдө окуп же билим алам деген ой кыялдарың барбы?

 Чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгүм азырынча жок. Бирок, Москва шаарында болуп келгем. Жайкы каникулда барып, иштеп да келем. Ал жакта менин байкем бар. Окуу тажрыйбам болбосо дагы жашоо тажрыйбаларын акырындап көрүп келе жатам.

          Колледж тууралуу башкаларга, досторуңа эмнелерди айта аласың?

— Досторума ар дайым айтып келем: “Убакыттан уткула жана кесибиңерди туура тандагыла” деп. Айылдагы классташтарымдын экөөсү ушул колледжде окушат. Айтар элем: Кесибиңерди тандоодо жаңылбагыла жана келечегиңерди бир багытта карагыла. Менин тандоом КИТЭ. Буюрса келечек алдыда!

Автор: Мукамедий уулу Н.