Транспортниктер күнүнө карата ИТЭК колледжинде тегерек стол өткөрүлдү

Ички иштер министирлигинин Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын инспектору милициянын капитаны Шугурбеков Авазбек Орозбекович, автомектептин окутуучусу Осумбекова Наргиза Раимкуловна, Колледждин окутуучулары жана Унааны техникалык жактан тейлөө жана ондоо адистигинин 1-2-3-курстарынын студенттери менен биргеликте тегерек стол өттү.

Тегерек столдо каралган маселелер:

  1. Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын келип чыгышы жана аны чечүүнүн жолдору;
  2. Автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын айлана чөйрөгө тийгизген таасири темада кызуу талкуу болду.

Тегерек столдун жыйынтыгында студенттер айдоочулардын жол эрежесин сактоону, айдоочулардын маданыятын жана айдоочулардын психологиясын жакшылап үйрөнүү керек экендигин түшүнүштү.