4-декабрь «Манастаануу» күнүнө карата 3-декабрь күнү Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинде «Манастаануу» дисциплинасынан Мырзабекова Назира Ташбаевна 1- курстар арасындагы «Манас» эпосундагы каада-салттар, улуттук оюндар жана эпостун поэтикасы аталыштагы темада конкурс өткөрдү.Конкурска Мамлекеттик тил, инновация жана өнүктүрүү боюнча проректору Матиева Акбермет Карыбековна , Окуу-методикалык башкармалыктын башчысы Бакыт Асранбекович,Илимий -маалымат борборунун директору Шайыр Джоробековна ,экономика мугалими Урумкан Токторалиевна, Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун директору Жазгүл Кудайбергеновна
катышып конкурс абдан жакшы өткөрүлгөндүгүн белгиледи.КонкурсАйкөл Манас, Аккула, Маникер камандалары катышып, өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү. Студенттер Манас эпосундагы сюжеттерди таамай жеткирүү менен аткарышты Манас айтышып , бий бийлеп, суроо-жоопко активдүү катышып, обондуу ырларды кызыгуу менен аткарышты. Жыйынтыгында диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


